salamat sadikova - kirgiz jeri (kyrgyz land) lyrics
Loading...
ала+тоо ак калпагын кийген кезде
аскасы көк асманга тийген кезде
мен дагы жолго чыгам таңды тосо
кучактайм ой+кырларын нурга кошо
улуусуң, кыргыз жери, нурдан бүткөн
сулуусуң, кыргыз жери, ырдан бүткөн
ысык+көл жердин көркү, кырлар кашы
адырлар көкүрөгү, токой чачы
дайралар кан тамыры, чоку таажы
седеби, топчулары, ар бир ташы
кең жүздүү, гүл денелүү кыргыз жери
күн жүздүү, берекелүү кыргыз жери
жылдыздар көк бетинен өчкөн кезде
жарык нур жер жамалын өпкөн кезде
көл чалкып, тоолор койнун ачкан кезде
дил жаркып, таң күлкүсүн чачкан кезде
көркүңө көрк кошулат, кыргыз жери
сезилет ата+энелик мээримдери
улуусуң, кыргыз жери, нурдан бүткөн
сулуусуң, кыргыз жери, ырдан бүткөн
Random Lyrics
- yung bans - all there lyrics
- gerald synik mugwenhi - the other side lyrics
- bijelo dugme - ipak, poželim neko pismo (live at kulušić, 5th april 1981) lyrics
- ddg - whiskey freestyle lyrics
- autumndropsdead - ants lyrics
- notnevi feat. gao the arsonist - boondock lyrics
- treistemm - the ends lyrics
- ensi - ho la hit lyrics
- lucii - piggy bank lyrics
- la sonora santanera - el ladrón lyrics