айя садырова feat. талант 60 к – сен менин тушумсун lyrics
өттү мезгил сен өчпөдүң көңүлдөн,
жүрөгүмдөн орун алдың өмүрдөн.
негедир билбейм түштө бирге жашайсың,
эске салып күндөрүмдү көрүнгөн.
өмүр атын миң чуркатып арытпай,
махабатым миң жолугуп кайыптай.
улам бийик, улам ыйык сезилди,
бир кылымдан бир кылымга жарыктай.
издесем да канаттарым кайрылып,
калсам дагы канча жылдар айрылып.
түн өткөрбөй түштө өзүң жомоксуң,
каркырадай жазда келген кайрылып.
сөздөрүңдө жөндөмөдөй жөндөлүп,
менде жашап калганына шерденип.
ойгонсом түш, сен барасың жаркырап,
унутуумдан учкан жылдыз өңдөнүп.
ар бир күнүң сенден мага гүлдөгү
сага айланып жашай берем күндөрдү
санаамда сен көргөн жакшы түшүмсүң
сага айланып жашай берем түндөрдү.
бир ыр болуп кайталанып, күүлөнүп
ойлорума күнү-түнү ширелип
сезимимдин күнүндөйсүң жаркытып,
өмүрүмдү өзүңө сен имерип.
бир кылымдан бир кылымга жарыктай.
Random Lyrics
- jihan audy – manise esemmu lyrics
- code orange – the hunt lyrics
- pentatonix – perfect lyrics
- dbangz – freeze lyrics
- chuckie feat. tom enzy & gvo lv – back in the day (feat. gvo lv) lyrics
- r good – b!rd lyrics
- dreams come true – middle of nowhere lyrics
- andy mineo – friends lyrics
- skálmöld – sverðið lyrics
- yeis sensura – kaybettim lyrics