azlyrics.biz
a b c d e f g h i j k l m n o p q r s t u v w x y z 0 1 2 3 4 5 6 7 8 9 #

добр – апама lyrics

Loading...

аламда теңдеши жок асылым алтын апам
жашоомо жарык берген жалгызым жаным апам
жан тартып дайым мага жанымда жалгыз гана

жароокер апакебай бул ырым жалгыз сага

тамчыдай сүтүн берип талыкпай баккан апам
алыста жүрсөдагы балам деп шашкан апам
бал ширин сөздөр менен ээриткен жан дүйнөмдүү
ар дайым бир өзүңө сүйүктүү жаккан апам

балам деп дайым күйгөн эненин таламында
унутпайлы бейиш төрү эненин таманында
бой тартып чоңойгондо ороңдоп четке какпай
барктайлы апаларды көзүү тирүү аманында

агарган ар бир чачың биз үчүн аккан жашың
ааламды сактай тура энелик ыйык атың
эр жетип мына эми турабыз алдыңызда
эркелеп жетеличи апакебай баркыңызга

түш көрсөм түш тоңунан жоруган алтын апам
түгөнгүс түйшүктөрдөн кооруган алтын апам
үч бөлүп түн уйкусун уктабай мени караап
онтосом чоогу онтооп ооруган алтын апам

канчалык кыйналсамдаа баарына түрткөн апам
кайгырып капалансам аарылткан жүткөн апам
кайрылып үйгө келбей кечигип калганымдаа
санааркап жолду караап сагынып күткөн апам

жарык нур тийип көктөөн мээримиң чексиз төккөн
оозанткан эне сүтүн балалыкта ыйлап өткөм
мөмөлүү дарак сымал жемишин жазбай берген
апакем жаркырагаан жаздагы жашыл көктөм

көргөндө ак чачыңды көзүмө жаш аламын
бой жетип чоңойсомдаа өзүңө мен жаш баламын
кем кылбай эч бир жандан чоңойткон апакемдиин
актайм деп мен ак сүтүн бүт ааламга жар саламын

таалыкпас эмгегине ак сүтүн бергенине
көрсөтүп туура жолду тарбия бергенине
баш ийип таазим этем түбөлүк апакеме
жаратып бул жашоого жарык нур бергенине

бактылуу жашоо берсе мөмөлү жемишинен
алысмын мен ар дайым кайгырып бир кейишинен
тилеймин жараткандан жалынып мен күнүгөө
берсе деп апакеме акыреттин бейишинен

түш көрсөм түш тоңунаан жооруган алтын апаам
түгөнгүс түйшүктөрдөн кооруган алтын апаам
үч бөлүп түн уйкусуун уктабай мени караап
оонтосом чоогу онтооп ооруган алтын апам



Random Lyrics

HOT LYRICS

Loading...